• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Эс алуучу да кармалды. Көл жээгиндеги мушташ боюнча жаңы жагдайлар

18 Баш оона 2023 12:10 Бишкек Govori.TV

Кош-Көлдөгү пляжда чыккан мушташ боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, скутердин ижарачылары А.Ж., С.А. жана эс алуучу С.Э. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

«Окуяга катышкандардын жана күбөлөрдүн берген көрсөтмөлөрү, тартылып калган видеолор толук иликтенди. Скутерди белгиленген убакыт менен айдоо боюнча талаша кетишип, эс алуучу скутердин ээсин биринчи уруп жиберген. Анан скутер иштеткен башка балдар кошулуп ата-баланы сабашкан», — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда көл жээгиндеги мушташтын видеосу тараган. Окуя 16-августта Кош-Көл айылындагы «Радуга Вест» эс алуу борборунун жанында болгон. Алгач Алматыда жашаган Кыргызстандын жараны, 55 жаштагы С.Д. жана анын 27 жаштагы уулу С.Э. жабырлануучу катары милицияга кайрылган. Мунун негизинде скутер иштеткен 18 жаштагы үч жигит милицияга жеткирилгени кабарланган.

Количество просмотров: 123