• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жактоочу: Экспертизада Айзада Канатбекованын зордукталганы аныкталды

4 Бугу 2021 12:05 Бишкек Govori.TV

Айзада Канатбекованы уурдоо боюнча тергөө аяктап, иш сотко жөнөтүлдү. Жабырлануучу тараптын жактоочусу Нурбек Токтакунов иште жаңы жагдайлар пайда болгонун билдирди.

Анын айтымында, соттук-медициналык экспертизада Бишкекте уурдалган Айзада Канатбекова киши колдуу болгонго чейин зордукталганы аныкталган.

«Бишкек шаардык милициясы Айзаданын өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишин тергеп бүтүп, сотко жөнөттү. Анда Замирбек Теңизбаевге «адам уурдоо, өлтүрүү жана зордуктоо» беренелери менен айып коюлду. Ишти иликтөөдө маркум зордукталганы аныкталды. Айзада каршылык көрсөткөн. Эспертизада анын буту-колдору көгөргөнү аныкталды», -деди Токтакунов.

Эске салсак, 5-апрелде Бишкектин көчөлөрүнүн биринде уурдалган 27 жаштагы Айзада Канатбекова киши колдуу болуп каза болгон. Аны 36 жаштагы жаран ала качып, муунтуп өлтүрүп, өзүнө да бычак сайып мерт кеткен. Бишкек милициясы кыздын уурдалганы тууралуу маалымат алгандан эки күн өткөндөн кийин жигиттин унаасын талаада жүргөн койчу тапкан. Бул окуя коомчулукта өтө чоң нааразылык жаратып, эл Ички иштер министринин отставкасын талап кылганга чейин барган. Ала качуудан өмүрү кыйылган Айзада Канатбекова бир үйдүн жалгыз кызы болчу. Ал таята-таенесинин колунда чоңойгон. Маркумдун сөөгү 8-апрелде Балыкчы шаарында жерге берилген.

Количество просмотров: 1975