• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Аида Салянованын иши жаңы жагдайлар менен каралууда

10 Бештин айы 2019 16:41 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-декабрда Жогорку сотто мурдагы Башкы прокурор Аида Саляновага лицензия боюнча козголгон кылмыш иши жаңы ачылган жагдайлар менен каралууда.

Жактоочунун айтымында, Салянова Елисеев менен тааныш болгон эмес.

Бүгүн адамдардын укугун коргоо күнү. Аида Жеңишбекованын иши ушул күнгө туш келгени жөн жерден болбосо керек. «Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген жүйө саясий куугунтук. Жактоочунун лицензиясын узартуу кадимки эле көрүнүш муну кылмыш деп эсептөөгө болбойт. Баардык күбөлөр Аида Жеңишбекованын пайдасына көрсөтмө берип, анын күнөөсү жок экенин далилдешти, — деп билдирди А. Салянованын жактоочусу Рабига Сыдыкова.

Соттук отурумга мурдагы Башкы прокурор Салянованы колдоп, “Легендарлуу парламенттин” төрагасы Медеткан Шеримкулов, саясатчы Өмүрбек Текебаев, Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов, коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев, экс-депутат Асия Сасыкбаева, мурдагы Өкмөт башчы Темир Сариевдер келишти.

Эске салсак, Аида Салянова «2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген негизде айыпталган. Бишкектин Ленин райондук соту 2017-жылы аны беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Жазаны ал үчтөгү кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон.

Количество просмотров: 131