• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Эс алуучу жайларда санитардык талаптардын сакталышын көзөмөлгө алуу күчөтүлдү

18 Баш оона 2020 14:40 Бишкек Govori.TV

Санитардык коопсуздук чаралардын аткарылышын көзөмөлгө алуу күчөтүлдү, анын ичинде көп сандаган адамдардын катышуусундагы майрамдык салтанаттарды өткөрүүгө тыюу салынган.

Республикалык ыкчам штабдын кеңешмесинде белгиленгендей, тармактык кызматтар кафе, ресторан жана башка эс алуучу жайлар боюнча рейддерди өткөрүүдө.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов акыркы убакта ар-кыл майрамдарды өткөрүү фактылары көбөйүп жаткандыгын белгилеп, бул багыттагы иштерди күчтөндүрүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Жалпысынан алганда, республика боюнча оорунун кыскарып жаткандыгы менен, айрым райондордо дагы эле оорулуулардын саны жогору бойдон калууда. Бул жергиликтүү бийлик органдарынын калк менен санитардык чараларды сактоо, анын ичинде массалык үй-бүлөлүк иш-чараларды жана салтанаттарды өткөрүүгө тыюу салуу боюнча жетишсиз иш алып барып жаткандыгын далилдейт. Көпчүлүк коронавирусту тойлордон, куран окутуу иш-чараларынан жугузуп алууда. Акыркы учурда жегиликтүү бийлик органдарынын айрым жетекчилери кырдаалды жөнгө салууда бошоңдоп калганы байкалууда. Мындайга жол берилбеш керек. Өзгөчө күз-кыш мезгили босогодо турганда жогорку деңгээлдеги уюшкандыкта жана ыкчам тартипте иштөө шарт. Биздин негизги милдет — ооруну азайтуу, өлүмдүн алдын алуу, бейтаптарга өзгөчө көңүл буруу», — деди Кубатбек Боронов.

Штабдын жыйынын соңунда тармактык мамлекеттик органдарга чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасына кирүү тартибин өзгөртүү маселелерин иштеп чыгуу, ошондой эле медициналык багыттагы объекттердин курулуш иштерин тездетүү тапшырмасы берилди.

Количество просмотров: 53