• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Санитардык эрежелерди сактабагандарга 900 миң сомдон ашык айып пул салынды

25 Бугу 2020 12:37 Бишкек Govori.TV

Коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча санитардык ченемдерди сактабагандыгы үчүн 900 миң сомдон ашык суммага айып пул салынды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдирди.

Маалыматка караганда, 1-майдан 22-майга чейин республиканын оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунун кызматкерлери коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуунун алкагында өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режими алынгандан кийин ишмердүүлүгүн жанданткан объекттерди текшеришти.

Республика боюнча жалпы 6891 объект текшерилди:

  • Бишкек – 768;
  • Ош облусу – 2706;
  • Баткен облусу – 590;
  • Жалал-Абад облусу – 543;
  • Талас облусу – 180;
  • Ысык-Көл облусу – 1385;
  • Чүй облусу – 428;
  • Нарын облусу – 245.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча:

  • 2710 жазма эскертүү;
  • 707 протокол;
  • 9 эскертүү түзүлдү.

«Ошондой эле коопсуздук чараларын бузгандыгы үчүн 680 объекттин ээлерине жалпы суммасы 977 миң сомго айып пул салынды. 15 материал баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 88