• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Үгүт иштеринде санитардык эреже бузгандарга айып салынат

28 Аяк оона 2020 12:00 Бишкек Govori.TV

Шайлоого карата үгүт иштеринде санитардык нормалар сакталбай жатат. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, үгүт жүргүзүп жаткан штабдар эрежелерди сактабаса айып пул салганга мажбур болушат.

«Үгүт иштеринде көпчүлүк учурда санитардык нормалар сакталбай жатканын көрүп жатабыз. Штабдарга барып, атайын эскертүүлөрдү дагы бергенбиз. Миңден ашык адамдарды чогултуп бет кап тагынышпай, аралыкты сактабаган учурлар болуп жатат. Эскертүү берип, айып пул салып жатабыз», — деди Үсөнбаев.

Количество просмотров: 155