• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Өкмөт башчы: Мектептерде санитардык эрежелер так сакталышы керек

1 Аяк оона 2020 15:19 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын мектептеринде санитардык эрежелер так сакталышы керек. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди, — деп кабарлайт өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Белгилей кетүүчү жагдай, COVID-19 пандемиясына байланыштуу бул окуу жылдын башталышында 1-класстын окуучулары гана кадимке режимде, мектепте билим алышат.

Өкмөт башчы мектеп окуучуларын жаңы окуу жылынын башталышы жана Билим күнү менен куттуктап, аларга окуудагы жетишкендиктерди каалады.

«Коронавирус инфекциясына байланыштуу жаңы окуу жылында окууну аралыктан өтүүдө мектеп окуучуларынын, ата-энелердин жана мугалимдердин алдында жаңы чакырыктар турат. Пандемия турмуштун бардык чөйрөлөрүнө, анын ичинде окутуу процессине түзөтүүлөрдү киргизди. Бул жаңы ыкмаларды, пайдалуу көндүмдөрдү жана билим берүү системасына жаңы көз карашты талап кылат. Окуучуларга албан ийгиликтерди каалайм, билим алууга, илим жана жаңы технологияларды өздөштүрүүгө умтулуп, жигердүү жана аткаруучулук жөндөмдү арттыргыла дегим келет», — деди Кубатбек Боронов.

Жыйындын жүрүшүндө өлкө аймактарындагы эпидемиологиялык кырдаал дагы талкууланды. Белгилүү болгондой, өлкө боюнча бардык күндүзгү стационарлар жабылды. Айрым облустарда медициналык мекемелерди оңдоп-түздөө иштери аяктаса, кээ бир райондордо курулуш иштери бүтүү алдында турат.

Количество просмотров: 53