• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Эс-учун жоготкон абалдагы кызды кабыл албай койгондогу видео боюнча мэрия жооп берди

15 Теке 2020 14:55 Бишкек Govori.TV

Социалдык түйүндөрдө эс-учун жоготкон кызды көтөрүп келген жаран түнкү стационарлардын бирине кире албай тургандагы видео жарыяланды.

Видеонун алдында жазылган маалыматка караганда, окуя кечээ, 14-июлда болжол менен 20:45те орун алган. Анда стационардын ачылышына 15 мүнөт калганда ушундай окуя болгону жазылган.

Шаардык мэрия аталган окуя кечки саат 20:30 чамасында болгонун билдирди.

«Ал учурда стационар катары колдонууга берген «Консул» ресторанынын ээси гана болгон. Ал эми дарыгерлер башка мейманканада нөөмөтүнүн алдында тамактанып жатышкан. Алар стационарга саат 20:50дө келишти. Жеке коргонуучу кийимдерин кийип 21:00дө ишке киришти. Саат 20:45те ал жерде эч кандай окуя жана даттануулар болгон эмес. Ал эми түн ичинде стационарда 161 адам кабыл алынды», — деп билдиришти мэриядан.

Количество просмотров: 2240