• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Эсеп 0:1. Кыргызстан — Катар беттешинин биринчи бөлүгү аяктады

10 Тогуздун айы 202422:49 Бишкек Govori.TV

Бүгүн 10-октябрда 2026-жылдагы Дүйнө чемпионатынын тандоо раундунун алкагында өтүп жаткан Катар – Кыргызстан беттешинин биринчи бөлүгү аяктады. Эсеп 1:0, Катар алдыда.

Беттештин 39-мүнөтүндө эсеп ачылып, катарлык оюнчу А.Али гол киргизди.

Оюн Доханын “Аль-Тумама” стадионунда өтүп жатат.

Ал эми Бишкектеги Т.Усубалиев атындагы эски аянтта футбол күйөрмандары үчүн Катар жана Кыргызстан улуттук курама командаларынын беттешин көрүүгө фан-зона уюштурган. Күйөрмандар Акшумкарларды аралыктан да колдоого алышууда.

Кыргыз футболунун союзунан билдиришкендей, кыргыз курамасы 2026-жылкы Дүйнө Чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү айлампасында сапарын улантат.

Количество просмотров: 222