• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Эсеп палатасынын 5 аудитору шайланды

26 Бугу 2022 9:34 Бишкек Govori.TV

Эсептөө палатасынын беш аудитору шайлады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Алгач президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов Президент Эсептөө палатасынын аудиторлугуна Рыскулиев Бадахшан Акматович менен Жумагулов Уран Аскарбекович сунуштап жатканын маалымдады.

Ал эми “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясы аталган кызмат орундарына Раматилаев Азамат Абдыкадыровичти сунуштаса, “Ынтымак” парламенттик фракциясы Садовников Вадим Александровичти, “Ишеним” парламенттик фракциясы Туркбаев Адамбек Борубаевичти, “Бүтүн Кыргызстан” парламенттик фракциясы Сатимбаев Улан Кубанычбековичти, “Элдик” депутаттык тобу Батиров Пардаали Сулеймановичти көрсөттү.

Жашыруун добуш берүүнүн негизинде өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыгында Бадахшан Рыскулиев, Уран Жумагулов, Вадим Садовников, Пардаали Батиров, Азамат Раматилаев Эсептөө палатасынын аудиторлору болуп шайланышты.

Количество просмотров: 998