• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Эсептөө палатасы агрардык тармак 105,2 млн сомду натыйжасыз пайдаланганын айтты

28 Чын куран 2023 17:53 Бишкек Govori.TV

Эсептөө палатасы өлкөнүн агрардык секторун өнүктүрүү долбоорлоруна мамлекеттик инвестициялык программанын алкагында бөлүнгөн каражатты пайдалануунун натыйжалуулугуна аудит жүргүздү. Текшерүүнүн жүрүшүндө жалпысынан 105,2 млн сом натыйжасыз жана сарамжалсыз пайдаланылганы аныкталган.

Анын ичинде, «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү — 1» долбооруна каралган каражат максатсыз пайдаланылган.

Ошондой эле Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн 20 адис жана консультант тартылган. Бирок жайыттардын абалы, деградациясынын деңгээли жана аянты боюнча расмий маалыматтар жок. Бул адистердин жана консультанттардын эмгек акысы 15,9 миллион сомду түзгөн.

2017-жылдын 17-мартында Польшанын Ветеринардык палатасы менен боордоштук кызматташуу боюнча кол коюлган келишимге ылайык, Кыргызстандын Ветеринардык палатасы финансылык туруктуулук боюнча колдонмо түрүндөгү макулдашылган жыйынтыктоочу документти алган эмес. Бул кызматташтыкты ишке ашырууга 4,3 миллион сом жумшалган.

Мындан тышкары, долбоорду ишке ашыруу мезгилинде Ветеринардык палатанын операциялык чыгымдарына 10,4 млн сом каржыланган, ошол эле учурда Ветеринардык палата финансылык жактан туруктуу түзүм катары түзүлбөй, ошондой эле бул долбоорго салым кошо алган эмес. Долбоордун алкагында жалпы суммасы 6,1 млн сомго 4 даана транспорт каражаттары сатылып алынган.

Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу башкармалыгынын жетекчилигинин функционалдык милдеттеринин кайталанышы жалпысынан 1,5 млн сомдук эмгек акы төлөө жагынан каражаттарды сарамжалсыз пайдаланууга алып келген.

«Рынокторго чыгууну камсыздоо» долбоорунун алкагында (2019-2021-жылдарга долбоорду ишке ашыруу) 2,8 млн сом өлчөмүндөгү каражаттар долбоордун максаттарына жетпестен пайдаланылган, анын ичинде 0,6 млн сомго негизсиз эмгек акы төлөнүп берилген.

«Улуттук суу ресурстарын башкаруу» долбооруна кошумча каржылоо (2020-2022-жылдарга долбоорду ишке ашыруу) боюнча 5,1 млн сом акча каражаты долбоордун максаттарына жетпестен пайдаланылган.

Количество просмотров: 81