• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Маданият министрлигинде каражаттар максатсыз пайдаланылганы аныкталды

20 Жалган куран 202516:26 Бишкек Govori.TV

Эсептөө палатасынын маалыматына ылайык, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде жана анын ведомстволук мекемелеринде 2022-2023-жылдарга карата бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча бир катар олуттуу шайкеш келбестиктер жана каржылык тартип бузуулары аныкталды.

Аудиттин жүрүшүндө жалпысынан 913 162,7 миң сом өлчөмүндө каржылык жана процедуралык бузуулар катталды, анын ичинен: Процедуралык бузуулар — 509 168,8 миң сом (сатып алуулардагы жол-жоболордун бузулушу, ашыкча аванстар жана мониторингсиз жүргүзүлгөн мамлекеттик сатып алуулар ж.б.); Каржылык бузуулар — 403 993,9 миң сом түзгөн.

Кошумчалангандай, аудиттин жүрүшүндө 119 995,0 миң сомдун калыбына келтирилиши зарыл экени аныкталган, анын ичинен азыркыга чейин 56 738,7 миң сому кайтарылды.

Министрликке караштуу мекемелерде каржылык тартипти чыңдоо, бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдалануу жана контролдук механизмдерди күчөтүү боюнча бир катар сунуштар берилип, аудиттин жыйынтыктары тиешелүү мамлекеттик органдарга жеткирилип, аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар көрүлмөкчү.

Количество просмотров: 340