• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Эсептөө палатасы «Учкун» ААКсында финансылык мыйзам бузууларды аныктады 

8 Баш оона 2023 11:35 Бишкек Govori.TV

КР Эсептөө палатасы “Учкун” ачык акционердик коомунда 2 млн 809,4 миң сом каржы бузууларды аныктады. Анын ичинен эмгек акыны, командировкалык чыгымдарды, пособиелерди, компенсацияларды жана башка төлөмдөрдү төлөөгө байланышкан бузуулар — 1551,2 миң сомду түзөт.

Финансылык мыйзам бузуулар Эсептөө палатасынын 2023-жылдын иш планына ылайык 2020-2022-жылдар аралыгына карата “Учкун”ААКнын ишине шайкештик аудит жүргүзгөн учурда аныкталган.

Бош кызмат орундарын айкалыштыруу үчүн үстөктөрдү белгилөө маселелерин жөнгө салуучу ченем жок болгон учурда «Учкун» ААК кызматкерлердин бош кызмат ордун айкалыштыруу үчүн маянасына үстөк акы 1322,9 миң сом суммасында жана 228,3 миң сом суммасында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүү негизсиз белгиленген, анын ичинен 2020-жылы 305,3 миң сом суммасында эмгек акы жана 52,7 миң сом суммасында КР Социалдык фондуна чегерүүлөр, 2021-жылы 534,3 миң сом суммасында жана 92,2 миң сом суммасында КР Социалдык фондуна чегерүүлөр эсептелген 2022-жылы 483,3 миң сом суммасында жана КР Социалдык фондуна чегерүүлөр 83,4 миң сом суммасында.

Тастыктоочу документтери жок товардык-материалдык баалуулуктарды жана мүлкттөрдү эсептен чыгаруу — 1007,1 миң сом.

Коомдун Эсеп саясатынын талаптары сакталбастан, отчет берүүчү адамдардан аванстык отчеттор кабыл алынган жана эсептен чыгарылган, атап айтканда:

  • товардык-материалдык баалуулуктар жалпы 238,5 миң сом суммасында, анын ичинен 2020-жылы — 129,6 миң сом, 2021-жылы — 108,9 миң сом;
  • автоунааларды оңдоо жана техникалык тейлөө чыгымдары жалпы 768,6 миң сом суммасында, анын ичинен 2020-жылы — 267,1 миң сом, 2021-жылы — 333,1 миң сом, 2022-жылы — 168,4 миң сом.

Бухгалтердик эсептин жана отчеттуулуктун тартибин башка бузуулары — 251,1 миң сом. Коомдун Эсеп саясатынын талаптары сакталбастан отчет берүүчү адамдардан аванстык отчеттор кабыл алынган жана эсептен чыгарылган, атап айтканда:

  • өкүлчүлүк чыгымдары жалпы 230,9 миң сом суммасында, анын ичинен 2020-жылы — 47,2 миң сом, 2021-жылы — 139,2 миң сом, 2022-жылы — 44,5 миң сом;
  • кызмат көрсөтүү чыгымдары жалпы 20,2 миң сом суммасында, анын ичинен 2021-жылы — 10,0 миң сом, 2022-жылы — 10,2 миң сом.
Количество просмотров: 84