Эсептөө палатасы Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн 2023-жылдагы иштерин текшерген. Аудит бир катар каржылык жана процедуралык бузууларды аныктады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
“Кыргыз темир жолу” ишканасына капиталдык салымдар боюнча акча каражаттар 2022-2023-жылдарда 52,6 млн сом которулуп, бирок бул каражаттар иш боюнча ачык-айкын бөлүштүрүлбөгөнү аныкталды. Ошондой эле республикалык бюджеттен 143,1 млн сом жергиликтүү маанидеги жолдорду курууга жана оңдоого негизсиз бөлүнгөн.
“Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы жалпысынан 2,5 млрд сомго сатып алуулар жөнүндө мыйзамды колдонбостон, жол техникаларын жана жабдууларды сатып алган (1,2 млрд сому 2023-ж. которулган).
Ал эми жол фондунун 969,7 млн сому пайдаланылбай калса, 29,1 млн сому максатсыз пайдаланылган. Жергиликтүү жана шаардык маанидеги жолдорго республикалык бюджеттен 155,7 млн сом мыйзамсыз бөлүнгөн.
Министрликтин айрым кызматкерлерине мобилизациялык даярдык үчүн 814,7 миң сом негизсиз төлөнгөн. Мындан тышкары, иштеген жылдары үчүн төлөнгөн айлык акыга үстөк акы 61,1 миң сомго ашыкча төлөнгөн.
Аудиттин жыйынтыгы боюнча жалпы 5,7 млрд сомдон ашык суммадагы каржылык бузуулар жана мыйзам бузуулар аныкталды. Анын жыйынтыгы боюнча укуктук баа берүү үчүн материалдар Башкы прокуратурага жиберилет.