• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Эшатов Кыргызстанда күйүүчү майдын запасы 2 жумага жете турганын айтты

10 Жалган куран 2022 15:10 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Мунай өндүрүүчүлөр биримдигинин башчысы Канат Эшатов Кыргызстанда күйүүчү майдын запасы 2 жумага жете турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-мартта парламенттин жыйынында депутаттын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

«Орусиядан чоң көлөмдө мунай алып келүү мүмкүн болбой жатат, бирок майда партиялар менен алып келинүүдө, келишимдер түзүлгөн. Биз Экономика министрлиги менен үч жолу чоң чогулуш өткөрдүк. Биз сунуштарды бергенбиз, анын кээ бирлери ыкчам чечилип жатат, күйүүчү майды алып келүү маселеси да ишлетип жатат«, — деди Эшатов.

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин өкүлүнүн маалыматына караганда, бензиндин кору 1 айга чейин, дизель отуну 2 айга чейин жетет.

Количество просмотров: 108