• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эшек тууралуу депутат Төрөбаев өкмөткө кайрылды

16 Үчтүн айы 202011:00 Бишкек Govori.TV

Элдин жашоо деңгээли эшек, ат менен баалабаш керек. Менин пикиримде ал билим менен бааланышы зарыл. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев парламенттин жыйынында билдирди.

«Кыргыз Республикасынын жаранынын жашоо деңгээлинин жогорулашына шарт түзүп берүү өкмөттүн түздөн-түз милдети. Аны эшек, ат менен деңгелди баалабаш керек. Менин пикиримде ал билим менен бааланышы зарыл. Жогоруу болуш керек биздин балдарыбыздын деңгели, Жанакындай сөздөр айтылбаш керек»,  — деди Төрөбаев.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 14-январда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында сүйлөп жатып Кыргызстанда калктын жашоо шарты кыйла жакшырганын айткан. Буга айыл жерде эшек, ат мингендер азайып, автоунаа айдагандар көбөйгөнүн мисалга тарткан. Бул социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат.

Количество просмотров: 562