• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

“«Эшек жайлоо» десем бир тобу катуу чычалашыптыр”. Президенттин кезектеги маеги

7 Чын куран 2024 23:10 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров 2-апрелде коммерциялык эмес уюмдардын ишин көзөмөлдөгөн мыйзамга кол койду. Мамлекет башчысы көпчүлүктү, өкмөттүк эмес уюмдарды жана алардын чет өлкөлүк өнөктөштөрүн кызыктырган мыйзам долбоорунун редакцияланышын кеңири түшүндүрүп, ошол эле күнү Facebook баракчасына билдирүү жазган. Президенттин «30 жылдан бери иштеп келе жаткан өкмөттүк эмес уюмдар Юстиция министрлигинен каттоодон өтпөй, отчет бербей келет» деген билдирүүсү кызуу талкуу жаратты. Ал ортодо жарандык коом өлкө жетекчилигин маалыматты бурмалоого айыптап чыкты. Буга байланыштуу «Кабар» агенттиги президентке кайрылып, комментарий алды.

— Саламатсызбы Садыр Нургожоевич!

— Саламатчылык!

 Садыр Нургожоевич 2-апрелде Сиз «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга кол койгондугуңуз тууралуу соцтармактагы баракчаңызда билдиргенсиз. Анда «30 жылдан бери иштеп келе жатышкан өкмөттүк эмес уюмдар эч жерге катталчу эмес. Эч кимге отчет беришчү эмес» деген билдирүүңүзгө өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү сын-пикирлерин айтышууда. Негизинен алар баардыгы эле каттоодон өткөнүн жана тийиштүү отчетторду берип келишкенин айтып, Сизди маалыматтарды бурмалады деп айыпташууда. Ушуга комментарий берип койсоңуз?

— Маалыматтарды бурмалагандар дал ушул өкмөттүк эмес уюмдардын айрым өкүлдөрү өздөрү болууда. «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган долбоор бир нече ай талкууда болду. Ошондо бул мыйзамды кабыл алуунун башкы максаттарынын бири буга чейин иштеп келген өкмөттүк эмес уюмдардын чет өлкөдөн каржылангандарын кайра каттоодон өткөрүп, аларга «чет өлкөлүк өкүл» деген макамды берүү экени айтылды.

Ошондой эле, сырттан алган каражаты конкреттүү түрдө кайсыл максаттарга жумшалып жатканын мамлекет билиши керек деп айтылды. Менин соцтармактагы сөзүм ушунун алкагында айтылды.

Аны өкмөттүк эмес уюмдардын баардыгы эле эң сонун түшүнүштү. Анан кычыктанып «биз катталганбыз» деп атышпайбы. Айтсынчы, кимиси «Чет элдик өкүл» деп катталыптыр? Эч кимиси антип катталган жок да. Мен ошону айттым.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча 25 миңдей өкмөттүк эмес уюм катталган болсо, анын 2 миңдейи чет элдик донорлордун каражаттары жана алардын катышуусу менен иш алып барат экен. Ошолор кайра каттоодон өтүшөт. «Чет элдик өкүлдөр» боюнча өзүнчө реестр болот. Болгону эле ошол. Бүгүнкү күнгө чейин кандай иштеп келсе ошондой эле иштей беришет. Эч кандай куугунтук болбойт деп кепилдик берем дедим.

Дагы кайталайм биз аларды куугунтуктайлы деген жерибиз жок. Болгону ачык болсун деп атабыз. Эл билсин деп атабыз кимиси чет өлкөлөрдөн каржыланып атканын. Ошондой эле уставында эмнелерди көрсөтсө ошолор боюнча иш алып барсын деп атабыз. Мунун эмнеси жаман? Ачыктык болсун дегенди мамлекет алардын акчасына көз артууда деп түшүнбөш керек. Башка өлкөлөрдөн грант алып алса алардын акчасын аяп эмне кылабыз. Миллиондоп эмес, миллиарддап алсын. Болгонун ошонун максаттуулугун билели деп атабыз.

«Эшек жайлоо» десем бир тобу катуу чычалашыптыр. Миллиондогон каражаттар өлкөгө кирип, анан кандай максатта сарпталып жатканын көрө албасак бул «эшек жайлоо» эмей анан эмне? Ошол акчалардын бир бөлүгү ички иштерибизге кийлигишип кетпесин деген эле ой. Саясатка аралашкысы келген коммерциялык эмес уюмдар болсо анда партияларга кошулсун же жаңы партияларды ачып алып иш алып бара берсин. Эч ким кой дебейт.

Мыйзам кабыл алынды. Жаңы эрежеге баш ийип иштеш керек. Бул өкмөттүк эмес уюмдар үчүн кыйынчылык жаратпайт.

Так эле ушундай мыйзамдар башка өлкөлөрдө, болгондо да өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү бизге үлгү кылып айтып жүргөн батыштын мамлекеттеринде бар экенин мен эле эмес абройлуу эле эксперттер айтып атышат. Аларга да ишенбесе интернеттен издеп карап көрүшсүн.

— Акыркы убакта актуалдуу болуп турган башка бир тема жолдорубуздун акыбалына байланыштуу болууда. Соцтармакта айрым жолдордогу асфальт кар менен кошо ээрип кеткенин айтышып, Транспорт министрлиги начар иштеп жатат деп айыпташууда. Чын эле жолдордун сапатсыз курулушуна эмне себеп болууда? Жетиштүү көзөмөл жок болуп жатабы? Же жакшы адистер жокпу?

— Ооба, жолдордун акыбалына карата, Транспорт министрлигинин дарегине карата нааразы болгон пикирлерди көрүп атам. Анын ичинде Бишкектин көчөлөрүндөгү жолдордун начардыгы да айтылууда. Анан министрлик салган жолдордун сапаты начар болуп, тез эле жарактан чыга баштаганына көңүл бургандар болууда. Бул дагы туура. Бирок, бул жерде коомчулукка түшүндүрө кете турган жагдайлар да бар.

Мисалы 30 жыл бою жол жасоо багытында Транспорт министрлиги кандай иштеп келген? Алар мисалы 100 км жолго асфальт төшөш керек болсо жеке компанияларды чакырып туруп аткарыла турган иштердин баасы бычып, ошол акчанын 10 пайызын бизге бересиң деп жеке компанияларга берип коюшчу. Албетте, 10 % акчаны бизге дегенде министрликке эмес, жеке өздөрүнүн чөнтөгүнө алышчу.

Анан жеке компаниялар жолдорду салып бүткөн соң эксплуатацияга алардан дагы бир сыйра акча алып келишкен.

Биз бийликке келгенден кийин бардык тармактарды ревизия кылдык, текшердик. Ушундай чириген системаны көргөн соң, аны талкалап мамлекеттин пайдасы үчүн иштей турганын курууга кириштик. Ал үчүн жолдорду жеке компаниялар эмес Транспорт министрлиги өзү салсын дедик. Өздөрү салайын дешсе жарытылуу техникасы жок экен. Акыркы үч жылда жолдорду курууга жана оңдоого 700дөн ашык техника сатып алуу пландалып, 2022-2023-жылдары жалпысынан 297 техника өлкөгө жеткирилип, аймактарга бөлүнүп берилди. Дагы алабыз. Быйыл дагы 453 жаңы техниканын келиши күтүлүүдө.

Техникалык базасын чыңдап, жол сала турган адистерди таап ишти жолго койгуча бир топ убакыт кетти. Анткени жол салган мамлекеттик компаниялар жок болгондуктан мыкты адистердин бардыгы ар кайсыл жака кетип калышкан да.

Былтыр гана өзүбүздүн күчүбүз менен жолдорду масштабдуу салууга киришишти. Анда деле адистердин тартыштыгынан мөөнөтүндө бүтүрүш үчүн салына турган жолдордун бир аз бөлүгүн жеке компанияларга берүүгө аргасыз болушууда. Ошого карабай жыйынтык, жылыштар бар.

Кыргызстанда жалпы 34 миң чакырым унаа жолу бар болсо, анын 19 миң чакырымга жакыны Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин балансында. Эл аралык, мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги жолдорду оңдоо, кармоо жана асфальт төшөө иштери министрликтин түздөн-түз милдети.

2023-жылы 621 чакырымды асфальттоо каралып, иш ыргагын ыкчамдатуу менен 673 чакырымдан ашык жол жасалды.

Асфальт-бетон заводдор облустарга орнотулду. Алдыда жети дубанда тең мындай заводдордун ачылышына аракеттер көрүлүүдө.

Өзүңөр санап көрсөңөр, 2021-жылы 230,4 чакырым, 2022-жылы 488,6 чакырым жолго асфальт жаткырылган. Ал эми 2023-жылы республика боюнча 673 чакырым жолго жаңы асфальт төшөлүп, план ашыгы менен аткарылды.

Мындан тышкары, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун оңдоодо жана салууда негизги курулуш материалы болгон битум былтыртан тарта өлкөгө ортомчусуз, ыңгайлуу баада, өндүрүүчүлөрдөн түз алынып келинүүдө.

Асфальт төшөөгө бөлүнчү каражатты көбөйткөн жокпуз. Бул жогоруда айткандай жолдорду өз күчүбүз менен сала баштагандын акыбети. Албетте, сапаты жагынан бир аз кемчиликтер болууда. Көч бара-бара түзөлөт дегендей транспортчуларбыз сапатка чыга баштайт. 3-5 жыл керектелет менимче.
Жеке компанияларга карата көз карандылыкты жоюу жана үзгүлтүксүз өз убагында камсыз кылуу максатында 2023-жылдын мартынан тарта министрлик жол белгилерин өзү чыгара баштады.

Бишкекте деле ушул сыяктуу көрүнүш. Мисалы, былтыр ордо калаадагы 18 көчөдө капиталдык оңдоо керек болсо бул көлөмдү «Бишкекасфальтсервис» өзү өз мөөнөтүндө аткара албасына көзү жетип кошумча 15 жеке компанияга көчөдөгү ремонт иштерин бөлүштүрүп бериптир. Алардын алтоосунун жасаган иштеринде кемчиликтер табылып, азыр кайра өз каражатына оңдошот. Ошондой эле алар «кара тизмеге» кирип экинчи мындай иштерге жолотулбайт.

Количество просмотров: 336