• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Эскертүү! Ашууларда кар көчкү түшүшү мүмкүн

10 Бирдин айы 202613:47 Бишкек Govori.TV

ӨКМ 11-февралдан 13-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар экенин эскертти.

Маалыматка ылайык, төмөнкү унаа жолдорунда кар көчкү жана кар күрткүсү күтүлөт:

  • Бишкек – Ош унаа жолу: Төө-Ашууда, Чычкан капчыгайы жана Ала-Бел ашуусу;
  • Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолу: Долон ашуусу;
  • Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолу: Чапчыма ашуусу;
  • Каракол – Эңилчек унаа жолу: Чоң-Ашуу ашуусу;
  • Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолу: 55-115-чакырымдар аралыгы;
  • Сары-Таш – Дароот-Коргон – Карамыкунаа жолу: 97-98-чакырымдар;
  • Красная-Горка – Акташунаа жолу: 0-3-чакырымдар.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңушу күтүлгөндүктөн, ӨКМ айдоочуларды өтө этият болууга чакырат. Коопсуздук үчүн унаалардын ортосундагы 500 метрлик аралыкты катуу сактоо талап кылынат.

Министрлик зарылчылык болбосо, алыскы жолго чыгуудан тез арада баш тартууну же унааларды бардык керектүү жабдыктар (чынжыр, күрөк, алгачкы жардам аптечкасы) менен камсыздоону сунуштайт.

Количество просмотров: 81