Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында (Боом капчыгайында, темир жолдун 3901-чакырымы) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, таш түшүрүү иштери 22-апрелден 26-апрелге чейин күндүзгү саат 09:00дөн 15:00гө чейин уланат.
Таш кулатуу иштери жүрүп жаткан учурда ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай жабылып турат.
Буга байланыштуу «Кыргыз темир жолу» ишканасы айдоочуларды сапарга чыгарды жол жүрүүнү алдын ала пландап алууга чакырыт.
«Иш-чара Бишкек — Нарын — Торугарт жол тилкесинде автомобиль жана темир жол транспортунун коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.