• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Боом капчыгайында таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт

30 Тогуздун айы 20239:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы, Боом капчыгайынын жол бөлүгүндө 30-октябрдан 3-ноябрга чейин кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы маалымдады.

Таш кулатуу иштери Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулгандан кийин саат 9:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге багытталат.

Количество просмотров: 116