• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Эскертүү! Күн сууктап, жолдор тоңголок болот

9 Үчтүн айы 20259:55 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Кайгуул кызматы айдоочуларды жолдо жүрүүдө эрежелерин так сактоого чакырды.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Бишкекте абанын температурасы 0°С төмөн түшүп, жолдор тоңголок болушу мүмкүн.

Мындан улам Кайгуул кызматы айдоочуларга төмөнкү эрежелерди так сактоону сунуштайт.

Белгиленген ылдамдыктан ашырбай айдоо;
Унаалар арасындагы аралыкты сактоо;
Унаадан ашып өтүү, тормозду басуу, бир тилкеден экинчи тилкеге өтүү сыяктуу кыймылдарды жасабоо;
Жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдө өзгөчө этият болуу.
“Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу жол шарттарынын начарлашынан улам тобокелдиктерди азайтуу үчүн түнкүсүн унаа кыймылын чектөөнү сунуштайбыз”,- деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 273