• Жекшемби 21 Теке 2024
  • Воскресенье 21 Июль 2024

Эскертүү! Унаа жолдордо сел жүрүү жана таш кулоо кооптуулугу бар (тизме)

8 Теке 2024 13:19 Бишкек Govori.TV

8-12-июль күндөрү туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан локалдуу нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин божомолдук материалдарына ылайык, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү, таш кулоо жүрүшү мүмкүн.

ӨКМ тараткан маалымат боюнча, айрыкча Баткен облусунун Лейлек, Кадамжай райондорунда, Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы, Ала-Бука жана Токтогул райондорунда, Ош облусунун Өзгөн, Ноокат, Алай, Чоң-Алай жана Кара-Суу райондорунда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп жана Тоң райондорунда, Чүй облусунун Сокулук, Аламүдүн, Ысык-Ата жана Кемин райондорунда, Нарын облусунун Жумгал, Ат-Башы жана Нарын райондорунда, Талас облусунун Кара-Буура, Бакай-Ата жана Талас райондорунун аймактарында сел жүрүшү жана унаа жолдордо таш кулоо активдешүүсү мүмкүн.

Сел жүрүү, таш кулоо кооптуулугу бар жолдор:

  • Бишкек – Ош унаа жолунун 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426- чакырымдарында;
  • Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун 64-65, 68-70, 78-80, 100, 106, 121-124, 133 — чакырымдарында;
  • Бишкек – Балыкчы (Боом капчыгайы) унаа жолунун 112-128 -чакырымдарында;
  • Балыкчы – Бөкөнбаев унаа жолунун 64-117-чакырымында;
  • Талды-Суу – Арал унаа жолунун 4-5-чакырымында;
  • Ош – Исфана унаа жолунун 64-78, 125-138, 149-190-чакырымында;
  • Мырзаке – Кара-Шоро унаа жолунун 18-28, 32-37, 44-56-чакырымында;
  • Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 2-4, 12-13, 22-24- чакырымында сел жана таш кулоо процесстери активдешет.
    Республика жарандарын жана айдоочуларды этият болууга жана коопсуздук чараларын сактоого чакырабыз.
    Өзгөчө кырдаалга кабылганда 112 кызматына чалыңыз. Чалуу акысыз жана күндүр-түндүр кабыл алынат.
Количество просмотров: 158