Акыркы убактарда соцтармактарда ар кандай чагымчыл билдирүүлөр орун алууда, ошондуктан эскертүү берип коюуну туура көрдүк, деп ИИМдин басма сөз кызматы билдирүү таратты.
Маалыматта, суудагы “Формула-1” катары таанылган Дүйнөлүк F1H2O (UIM F1H2O World Championship) кайыктар жарышы бул ири эл аралык деңгээлдеги иш-чара быйыл Ысык-Көлдө өткөнү турат. Буга чейин Европанын, Түштүк-Чыгыш Азия менен Жакынкы Чыгыштын мамлекеттеринде өткөрүлүп келген, деп айтылат.
«Эми биринчи жолу мындай эл аралык деңгээлдеги престиждүү делген мелдеш Кыргызстанда, Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасынан биздин мамлекетте өткөнү турат. Болбосо мындай мелдештерди өз өлкөсүнө алып келүүнү талашкан өлкөлөр толтура болду. Бирок уюштуруучулар Кыргызстанды тандады. Бул да болсо мамлекетибиз ишенимдүү өнүгүү жолунда баратканынан кабар берет. Анткени мындай деңгээлдеги иш-чараны уюштуруучулар дагы коопсуздук жагы кандай, инфратүзүмү кандай, экономикасы кандай деген өңдүү критерийлер менен карашат. “Экологияга, көлгө зыян алып келет” деп популисттик менен элди удургутуп жаткан билдирүүлөр дагы суу кечпейт», — деп айтылат ИИМдин маалыматында.
ИИМдин маалыматында жарышка катыша турган бир моторлуу кайыктар заманбап келип, майлары акпагандай жабдылган.
«Бул чемпионат кырк жылдан ашык убакыттан бери дүйнөнүн ондогон мамлекеттеринде, анын ичинде биздикиндей эле болгон туюк көлдөрдө да өткөрүлүп, бир да жолу экологиялык зыяны тууралуу факты болбоптур. Муну ошол соцтармакты колдонгондор интернетти карап изилдеп көрсө деле болмок. Демек, максаттары деле экология эмес, жеке өздөрүн пиар кылуу десек болот», — дейт басма сөз кызматы.
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы жана көзөмөлү менен ИИМдин экология жана туристтик милициясы, ӨКМдин, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кѳзѳмѳл министрлигинин кызматкерлери беш жылдан бери Ысык-Көл жана башка көлдөрдү торлордон жана таштандылардан тазалоо боюнча жигердүү иш алып барууда. Миңдеген чакырым торлор, миңдеген тонналаган таштандылар алынып чыкты, деп кошумчалады.
Экинчи маселе, ошол эле соцтармактын кыргыз сегментинде улут аралык кастык, жек көрүүнү күчөтө турган чагымчыл билдирүүлөр орун алууда. Анын ичинде чет өлкөлүк жумушчуларга карата.
«Учурда буга чейин президентибиз айткандай, мамлекетибизде ири эл аралык инфратүзүмдүк долбоорлор, масштабдуу обьектилер ишке ашырылууда. “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу, Асман шаары, ири энергетикалык “Камбар-Ата – 1”, жана башка экологиялык обьектилер курулууда. Анан аларга сөзсүз адистер, жумушчу күчү керек болот. Алар ээн-эркин, каалагандай эле кирип-чыгып жаткан жери жок. Ар бири тийиштүү уруксат документтери, визасы менен келип, биздин көзөмөлдө турат», — деп айтылат маалыматта.
ИИМдин айтымында долбоорлор бүткөндө алар кайра кетишет. Эч кимиси калып калбайт. Айрым долбоорлор 2030-жылы бүтсө, айрымдары 2035-жылдары бүтөт.
«Ошондуктан, жарандарыбызга маалыматтарды таратууда этият болууну, чын-төгүнүн аныктап билип алып, анан талдоого алууну сунуштайбыз. Жоопко тартып баштаганда адаттагыдай эле “Жөн эле жоопко тартып атат” деп кыйкырып чыкпагыла. Мыйзам чегинен чыгып, чагымчылдыкка алдырбоону суранабыз», — деп эксертет ИИМдин басма сөз кызматы.