• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

“Акыркы коңгуроого” акча чогултууга тыюу салынганы эскертилди

18 Бугу 202611:30 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда акыркы коңгуроо иш-чарасы 29-майда өтөт. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Министрлик бул күнү бардык тараптарды коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат.

«Акча чогултууга, мектептен тышкаркы иш-чараларды уюштурууга, окуучулардын унаа башкаруусуна жол берилбейт. Балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 93