Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров президенттик администрациянын мурдагы административдик имаратын КР Тышкы иштер министрлиги менен Экономика жана коммерция министрлигине өткөрүп берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Буга чейин аталган имарат Бишкек шаарынын мэриясына өтө турганы айтылып жаткан.
Белгилей кетсек, президенттин администрациясы “Ынтымак Ордого” көчтү. Бишкекте 30-августта президенттик администрациянын жаңы имаратынын ачылыш аземи өткөн.
Бишкектин түштүк бөлүгүндө, мамлекеттик резиденцияга жакын жайгашкан “Ысык-Көл” мейманканасы 2021-жылдын аягында бузулган. Анын ордуна “Ынтымак Ордо” деп аталган президенттик администрациянын имаратынын курулушу 2022-жылы башталып, быйыл август айында аяктады.