• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Эски янтка келгендердин саны улам көбөйүп жатат

1 Бугу 2021 18:19 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-майда Бишкектеги өкмөт үйүнүн алдында чек ара маселесин чечүүнү талап кылган акция өтүүдө.

Акцияга болжол менен 600гө чукул киши чогулду. Нааразы болгондор кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды турукташтырууну, чек ара маселесин тез арада чечүүнү талап кылып, Баткен облусуна барууга уруксат берүүгө бийликти чакырышты.

Топтолгон элдин алдына чыккан ички иштер министри алардын талабына каалоочулар аскер комиссариатына барса боло турганын билдирди.

Аскер комиссариатына барууну каалагандар үчүн аскер техникалары менен автобустар келди. Бирок Аскер комиссариатына барууну каалагандар аз. Чогулгандарыдын көпчүлүгү аянтта тынчыбай жатат.

Өкмөт үйүнүн алдында укук коргоо органдары менен элдик кошуун коомдук тартипке көзөмөл салып турат.

Количество просмотров: 186