• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгы белгиленет

2 Бештин айы 2021 10:00 Бишкек Govori.TV

4-декабрда СССРдин эл артисти Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгы салтанаттуу белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Эстебес Турсуналиев — 1931-жылы 5-майда Талас облусунун Манас районуна караштуу Кара-Арча айылында туулган. 9 жашында комуз чертүүнү үйрөнүп, 12 жашынан баштап өздүк-көркөм чыгармачылык ийримдерине, райондук, облустук жана республикалык кароолорго жигердүү катышып келген.

Ал төкмөлүк өнөрдү, айтыш салтын өнүктүрүп, манасчылык жөндөмүн Япония, АКШ, Германия, Түркия, Орусия, Канада, Франция, Румыния, Венгрия, Финляндия, Швеция, Швейцария, Дания, Тунис, Алжир, Сирия, Йемен, Вьетнам, Лаосто да көрсөтө алган.

Турсуналиев элдик ырларды аткаруучу катары Т. Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында эмгектенип, фольклордук топ менен бирге Индияда, Бельгияда, Швецияда, Францияда, Японияда ж.б. өлкөлөрдө гастролдордо болгон.

Эстебес Турсуналиев филармониядагы 60 жылга чукул чыгармачылык өмүрүн төкмөлүк өнөр менен айкалыштырып, «Акындын үнү», «Айтыштар», «Заман жарчысы», «Эскерүүлөр», «Ыр өмүрүм», «Кайыңды» аттуу китептери жарыкка чыгарган.

Ага Кыргыз мамлекеттик консерваториясынын фольклор бөлүмүнүн профессору деген наам ыйгарылган.

«Ардак белгиси» ордени, «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн», В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн» медалы, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган.

Эстебес Турсуналиев 2005-жылы 11-октябрда оорудан 74 жаш курагында дүйнө салган.

Количество просмотров: 118