«Кумтөр» алтын кенин иштетип келген «Центерра Голд» компаниясынын директорлор кеңешиндеги Кыргызстандын мурдагы өкүлү Эдуард Кубатов Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) сурак берип чыкты.
Атайын кызмат маалымат берүүдөн баш тартты. Эдуард Кубатов бул тууралуу кийинчерээк комментарий бере турганын билдирди.
Эверестти багындырган альпинист Эдуард Кубатов 2016-2019-жылдары Кыргызстандын «Центерра голд» компаниясынын директорлор кеңешиндеги мүчөсү болгон.
Белгилей кетсек, буга чейин “Кумтөр ишине” байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Игорь Чудинов, Темир Сариев, депутат Рыскелди Момбеков, мурдагы депутат Максат Сабиров жана башкалар да күбө катары көрсөтмө берип чыгышкан.