• Шейшемби 16 Кулжа 2026
  • Вторник 16 Июнь 2026

Суудагы «Формула-1»: Экологиялык зыян болсо ким жоопкерчилик алат? Кубатовдун жообу

16 Кулжа 202615:07 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө өтө турган “Формула-1” суу үстүндөгү кайык жарышынын алдында айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо (АЧТБ) жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында КР Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатов билдирди.

Анын айтымында, Ысык-Көлдө мындай эл аралык спорттук иш-чараларды уюштуруу үчүн АЧТБ талап кылынбайт.

«Ошого карабастан, коомчулуктун бардык тынчсызданууларын эске алып көз карандысыз экологиялык компаниялар жана эксперттер тарабынан текшерүү жүргүзүлдү. Мындан тышкары, өкмөттүн экологиялык баалоосу жүргүзүлдү.

Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары да жарышка чейинки жана андан кийинки баалоо иштерине катышышат. Ошондой эле, биз Ысык-Көл биосфералык коругу менен ЮНЕСКОнун жана башка эл аралык уюмдардын мүмкүн болгон тыюу салуулары боюнча кат алыштык. Биз Формула-1ди сууда өткөрүүгө болорун жана анын айлана-чөйрөгө жана сууга тийгизген таасири таптакыр аз болорун тастыктаган бардык зарыл жоопторду алдык», — деди Кубатов.

Ошондой эле Кубатов эгер экологиялык зонага кандайдыр бир терс таасир тийсе жоопкерчиликти жеке өзү ала турганын белгиледи.

Эске салсак, суу үстүндөгү жогорку ылдамдыктагы кайыктардын UIM F1H2O дүйнөлүк чемпионаты быйыл 31-июлдан 2-августка чейин Ысык-Көлдө өтөт. Туризм департаменти бул иш-чараны өткөрүү Кыргызстандын эл аралык туристтик жана инвестициялык дараметин жогорулатарын айтууда.

Ал эми социалдык тармактарда бул жарышты өткөрүүгө каршы чыгып, экологиялык жактан кесепеттери болушу мүмкүн экенин эскерткендер болууда.

Количество просмотров: 95