Эдуард Кубатов дүйнөдөгү эң татаал делген Аннапурна чокусуна кычкылтексиз чыгып, кыргыз туусун желбиретти. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Ал Непал өлкөсүндөгү деңиз деңгээлинен 8091 метр бийиктикте жайгашкан Аннапурна чокусуна кычкылтексиз 7-апрелде ийгиликтүү көтөрүлдү.
«Жеңиш биздики элим! Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров берген ак жолтой туубуз эң коркунучтуу жана эң татаал чокуда Аннапурнада көтөрүлдү. Бул жеңишимди көп улуттуу Кыргызстаныма арнайм, өлкөбүзгө биримдик жана ийгиликтерди каалайм. Ошондой эле кыргыз спортунун 100 жылдыгына да арнайм. Кечээ түндө биз тобубуз менен чокудан ийгиликтүү түштүк. Муну менен Аннапурнага кычкылтексиз чыгуубузду расмий жарыялап жатабыз «, — деди ал.