• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Евгения Строкова: Китептеги каталар үчүн министрлик жооп бериши керек

17 Бештин айы 2018 9:19 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.12.2018.Govori.TV

Депутаттардын дарегине окуучулардын ата-энелеринен көптөгөн кайрылуулар түшүп жатат.   Окуу китептери Билим берүү, илим министрлиги тарабынан расмий түрдө сунушталгандыктан, ар кимге шылтай бербей,каталар үчүн министрлик менен министрдин жеке өзү жооп бериши керек. Бул тууралуу депутат Евгения Строкова Жогорку Кеӊештин жыйынында айтты.

«Быйыл күз мезгилинде окуу китептеринде кетирилген каталар боюнча чоӊ чыр чыкканы эсиӊиздердебар чыгар. Андай одоно каталар кийин дагы толтура табылууда. Окуу китептеринин даярдалышына эмне үчүн мынчалык кайдыгер мамиле жасалып жатканына түшүнүү кыйын. Министр болсо, аны авторлорго, басмаканаларга шылтап келет. Алар ал мекеме өзүнө караштуу экенин билбей калышса керек», — деди депутат.

Количество просмотров: 5