• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Евразия жана өнүктүрүү фонду Кыргызстанга тез жардам унааларын сатып алууга жардам бөлөт

16 Бирдин айы 2024 11:20 Бишкек Govori.TV

Евразия жана өнүктүрүү фонду Кыргызстанга тез жардам унааларын сатып алууга кайтарымсыз жардам бөлөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 15-февралда Россияга болгон иш сапарыны алкагында Москвада Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Андрей Широков менен жолугушту.

Тараптар Кыргызстанда саламаттык сактоо тутумун өнүктүрүү боюнча жаңы долбоорду талкуулашты, анда жаңы тез жардам унааларын сатып алуу каралган.

Министр Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондуна Кыргызстанда саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөө жана кеңейтүүгө даяр экенин белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар 120 тез жардам унаасын сатып алууга 3 млн доллар өлчөмүндө грант бөлүү боюнча макулдашууга жетишти. Автоунааларды сатып алуу Кыргызстандагы тез медициналык жардам системасын жакшыртууга маанилүү салым болот.

Количество просмотров: 90