• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Европа Биримдиги «Азаттык» радиосуна 5,5 миллион евро бөлөт

21 Бугу 202517:05 Бишкек Govori.TV

Евробиримдик «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна чукул жардам көрсөтүү үчүн 5,5 миллион евро бөлүп берүүнү макулдашты. Бул тууралуу шейшембиде шаркеттин тышкы саясат боюнча комиссары Кая Каллас билдирди.

Каллас Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин Брюсселдеги жолугушуусунан кийин журналисттерге айткан сөзүндө бул каражат «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун «маанилүү ишин колдоо үчүн берилгенин» белгиледи.

Кая Каллас Евробиримдиктин каржылоосу дүйнө жүзү боюнча медианын ишин камтыбай турганын, бирок Кавказ жана Борбор Азия сыяктуу региондордогу өлкөлөргө басым жасаларын айтты.

«Европа өлкөлөрү бардык зарыл болгон каржылоону бере албасы анык», — деди ал.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 218