Вашингтондогу Федералдык сот АКШнын Глобалдык медиа боюнча агенттигине (USAGM) Конгресс бөлгөн каражатты “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна которулсун деген чечим чыгарды. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.
Маалыматта айтылган, судья Ройс Ламберт 29-апрелде “Конгресс чечими менен бөлүнгөн каражат “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна которулушу керек” деген убактылуу ордер чыгарды. Соттун чечиминде медиага апрель айына каралган 12 миллион доллар жөнүндө сөз болууда.
Ак үйдүн өкүлдөрү азырынча соттун чечимине комментарий берише элек.
Округдук соттун соңку чечимин “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Стив Капус кубаттады:
“Соттун Конгресс “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун бир жылдык бюджети үчүн бөлгөн каражаттын бир айлык суммасын USAGMди төлөп берүүгө милдеттендирген чечими биздин журналисттер диктаторлор менен деспотторду жоопкерчиликке чакырган ишмердигин уланат дегенди түшүндүрөт. Биз апрелде которулбаган каражатты тезинен алабыз деп үмүттөнөбүз, анткени ушул айда биз кызматкерлерибизди эс алууга жөнөтүүгө жана программаларыбызды кыскартууга аргасыз болгонбуз”, — деп айтылат Капустун билдирүүсүндө.
Быйыл мартта USAGM “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна берилген грантты токтотконун жарыялаган. Бул чечим АКШнын президенти Дональд Трамптын буйругунан бир нече саат өтпөй кабыл алынган. Буйрукта жети өкмөттүк агенттикти, анын ичинде USAGMди да мүмкүн болушунча кыскартуу талап кылынган.