• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Сот «Азаттыктын» арызын четке какты

7 Жалган куран 2023 12:08 Бишкек Govori.TV

Бишкектин административдик соту “Азаттык медиа” мекемесинин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине каршы сайтка бөгөт коюуну жокко чыгаруу боюнча доо арызын кароону аяктады.

Сот «Азаттык медиасынын» административдик арызын кароо учурунда Маданият министрлигинин кызматкерлери талаштуу окуяда кастык сөздөр колдонулганын далилдеген экспертизасы жок экенин мойнуна алганына карабай, аны жетишсиз негизде деп таап, канааттандырган жок.

Министрликтин өкүлдөрү “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга ылайык, сайтты бөгөттөгө негиз болгон кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу жөнүндө материал өчүрүлбөгөндүктөн сайты бөгөттөө улантылып жатканын айтышты.

“Азаттык” Бишкектин административдик сотунун бул чечимине каршы соттун жогорку инстанцияларына кайрыларын билдирди.

Количество просмотров: 85