Бүгүн Бишкекте Европа Биримдигинин Жалпы преференциялар системасынын (GSP+) миссиясы башталды. Алгачкы жолугушуу Тышкы иштер министрлигинде Экономика министрлигинин өкүлдөрү менен болду.
Миссия Бишкекке GSP+ талаптарын сактоо боюнча Кыргызстандын өкмөтү жана башка жергиликтүү кызыкдар тараптар, анын ичинде жарандык коом жана социалдык өнөктөштөр менен диалог жүргүзүзөт.
Талкуулар өлкөнүн GSP+ схемасына катышуусу үчүн негизги болгон адам укуктары, эмгек укуктары, экология жана жакшы башкаруу маселелери боюнча 27 негизги эл аралык конвенцияларды ишке ашыруудагы Кыргызстандын прогрессине багытталат.
2016-жылдан бери GSP+ мүчөсү катары Кыргызстан Евробиримдиктин рыногуна өз товарларынын 66%дан ашыгына бажы төлөмүсүз кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ – бул экспортту көбөйтүү жана диверсификациялоо жана экономиканы чыңдоо үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк.