• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Европа Кеңешинин президенти Борбор Азия өлкөлөрүн кыдырат

10 Тогуздун айы 202214:55 Бишкек Govori.TV

Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель Борбор Азия өлкөлөрүн кыдырат. Ал жакында Өзбекстан менен Казакстанга келерин Твиттерге жазды.

Шарль Мишель Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен 26-27-октябрда Астанада болуп, Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин жолугушуусуна катышат.

28-октябрда Еврокеңештин башчысы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Ташкентке барат.

«Евробиримдик Борбор Азия менен байланышты тереңдетүүгө жана аймактык кызматташууну колдоого даяр», – деп жазды ал.

Количество просмотров: 70