• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Евробиримдик Борбор Азия өлкөлөрүнө Орусияга реэкспорт үчүн санкция киргизиши мүмкүн

27 Жалган куран 2023 10:58 Бишкек Govori.TV

Европа Биримдиги Орусияга чектөө чараларын кыйгап өтүүгө жардам бергени үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнө каршы санкцияларды киргизүүнү карап жатат. Бул тууралуу Telegraph билдирди.

Басылманын маалыматына караганда, Евробиримдиктин расмий өкүлдөрү Борбор Азия мамлекеттерине кир жуугуч машиналар жана эски унаалар сыяктуу кош максаттуу технологиялары бар товарлардын экспортунун көбөйгөнүн катташкан. Брюссель бул технологиялар кийинчерээк Орусияда пайда болот деп кооптонууда.

Сунушталган планга ылайык, Евробиримдик Борбор Азия өлкөлөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, санкцияларды кыйгап өтүүгө жардам берүүнүн кесепеттери тууралуу эскертүүгө ниеттенүүдө.

Телеграф ошондой эле эгер Евробиримдик Орусияга реэкспорттун далилдерин тапса, анын бирдиктүү рыногуна каалаган мамлекеттердин, ишканалардын же жеке адамдардын кирүүсүн чектеши мүмкүн экенин белгилейт.

Количество просмотров: 46