• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Европада газдын баасы тарыхый максимумду жаңылады

7 Тогуздун айы 2021 19:03 Бишкек Govori.TV

6-октябрда Европада 1 миң куб метр газдын биржалык баасы (Лондондогу ICE биржасында) 1700 долларга жетип, тарыхый максимумду жаңылады.

Еврокомиссия баанын кымбатташына энергоресурстарга болгон суроо-талаптын өсүшү себеп болгонун билдирүүдө. Мекеменин маалыматына караганда, быйыл суроо-талап акыркы 25 жылдагы максимумга жеткен.

Франция, Испания, Чехия, Грекия жана Румыния Европада газдын рекорддук кымбатташынын себептерин иликтөөгө чакырышты. Бул өлкөлөрдүн каржы министрлери Европа биримдиги (ЕБ) үчүн энергоресурстарга болгон баанын өзгөрүшүнө реакция кыла турган жалпы инструмент түзүүнү сунушташты. Министрлердин билдирүүсүндө ЕБ өлкөлөрү сүйлөшүүлөрдөгү өз кызыкчылыктарын күчөтүү үчүн газ сатып алууну координация кылышы керектиги жазылган.

Европада жаратылыш газы жайында кымбаттай баштаган. Мунун себептеринин бири катары 2020-жылы кыштын суук болгону жана жайкы аномалдык ысык айтылууда.

Европада жылуулук берүү башталган 1-октябрга карата газ сактоо жайлары болжол менен 70% гана толуп турган — бул 2011-жылдан берки эң төмөнкү көрсөткүч. Былтыр бул маалда газ сактоо жайлары дээрлик 95% толуп турган.

Количество просмотров: 68