«Маймыл чечек вирусу Европа өлкөлөрү үчүн короновирус сыяктуу коркунуч жаратпайт», — деп билдирди Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа боюнча бюро жетекчиси Ханс Клюге.
Анын айтымында, учурда ай сайын Европада маймыл чечек вирусунун экинчи штаммы менен ооруган 100дөй учур катталууда. Ханс Клюге «Европада бул дартты кантип көзөмөлдөөнү, ошондой эле вирустун жайылып кетпөөсү үчүн кандай иштерди жасоону биле тургандыгын» да айтты.
2022-жылдан бери Европа өлкөлөрүнүн бийлиги ушул сыяктуу жугуштуу оорулар менен иш алып барууну үйрөнүшкөндүгү, коркунучту толук жоюу үчүн ресурстар гана жетпей калганы анык болду.
Ушул жылдын 14-августунда Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму маймыл чечек жугуштуу дартын өзгөчө кырдаал деп жарыялаган. Жугуштуу дарт адегенде Конгодо башталып, кийин Бурунди, Кения, Руанда жана Угандага жайылган. Ал эми Европада өткөн жумада Швецияда алгачкы жуккан учур катталган.