• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Евросоюз майыптуулугу бар жарандарга ыңгайлуу компьютердик жабдууларды тартуулады

23 Тогуздун айы 202410:29 Бишкек Govori.TV

Кечээ Евросоюздун финансылык колдоосу менен компьютердик жабдуулар жана гаджеттер үчүн атайын программалар майыптуулугу бар аялдарга тапшырылды. Бул иш «InKoom — Кыргызстандагы акыйкат жана инклюзивдүү коомдун өнүгүшүн илгерилетүү» долбоору аркылуу майыптуулугу бар аялдарды жана кыздарды иш менен камсыздоого жардам берүү үчүн жасалды.

Учурда Кыргызстанда майыптуулугу бар адамдардын саны өсүүдө. 2024-жылдын 1-январына карата өлкөдө 216 миң майыптуу адам бар, бул жалпы калктын 3 пайызын түзөт. Булардын ичинен 165 миңи чоңдор болсо, 18 жашка чейинки майыптуулугу бар балдардын саны 37 миң. Акыркы 5 жыл ичинде майыптуулугу бар адамдар 10,4 пайызга, ал эми балдар 11,3 пайызга көбөйгөн.

Майыптуу адамдардын жумушка орношуусу да чоң көйгөй. Ошондуктан майыптуулугу бар аялдар менен кыздарды жумуш менен камсыздоо үчүн аларга 15 комплект атайын техникалар тартууланды. Бул техникалар майыптуу адамдардын көрүү, угуу, окуу, маалымат алуу муктаждыктарын толугу менен канааттандырат.

Количество просмотров: 103