• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Жер көчкү коркунучу: Ошто 39 жаран эвакуацияланды

18 Кулжа 2023 9:14 Бишкек Govori.TV

Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн Кожо-Келең айылында 9-июнь күнү жер көчкү коркунучу пайда болгон. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, КР ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адистери жана Кара-Суу району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн офицерлери тарабынан жеринде изилдөө иштери жүргүзүлүп, көзөмөлгө алынган. 15-июнь күнү Кожо-Келең айылынын айыл башчысы тарабынан кайрадан жер көчкү активдеше баштагандыгы боюнча маалымат берилген.

«Изилдөө иштеринин негизинде аталган аймакта болжол менен 1990-жылдан баштап, 2005-жылга чейин «Ала-Тоо» көмүр кени тоонун түбүнө үңкүр кылып, жер астында табигый таштан жана көмүрлөрдөн түркүктөр (опора) коюлуп казылган.
2022-жылдан баштап «Сага-Мага» ЖЧК тарабынан кайрадан көмүр кен казуу иштери башталган. Жер көчкү кайрадан активдешип, жер кыртышы 12-13 метрге чейин отура баштаган. Жер көчкүнүн болжолдуу көлөмү 100 00 м3 түзүүдө. Акырындык менен жылуу процессинде турган жер көчкүнүн алдында 5 турак үй жайгашкан. 15-июнь күнү 5 турак үйдө жашаган 39 жаран убактылуу туугандарынын үйлөрүнө коопсуз жайга эвакуацияланган»,-деп жазылат маалыматта.

Папан айыл өкмөтүнүн кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 16-июнь күнү 10 орундуу 6 даана чатыр бөлүнүп берилип, коопсуз жерге орнотулган. Андан сырткары, Улуттук Кызыл Ай коому тарабынан ар бир үй-бүлөгө күнүмдүк керектелүүчү эмеректер (идиш, кир жуучу каражаттар, жылытуу меши жана жууркан-төшөктөр) жеткирилип берилгени белгилүү болду.

Количество просмотров: 118