Кыргызстандын аракеттеги медиа платформасы сот жообуна тартылган журналисттерди колдоо максатында “Чындык үчүн алты жыл” марафонун баштады.
15-октябрдан баштап бир жума редакциялар, онлайн платформалар жана социалдык тармактын колдонуучулары Temirov Live, “Айт Айт Десе” жана “Алга Медиа” сыяктуу медиалардын негизги журналисттик иликтөөлөрүн эске салып, алардын иштери өлкөдө коррупцияга каршы күрөшүүгө жана укуктук тартипти чыңдоого кандай салым кошконун көрсөтүшөт.
“Бул флешмоб журналисттерге каршы жасалган системалуу репрессияларга биздин жана эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурууга багытталган. Иш-чаранын уюштуруучулары бул аракет жарандарга журналисттик иликтөөлөр коомго маанилүү өзгөрүүлөрдү алып келген булак экенин эске саларынан үмүт кылышат”, — деп айтылат билдирүүдө.
Бишкектин Ленин райондук соту 10-октябрда Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызын алты жылга, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен.