• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Explainer: Фейк менен пропагандага ишене бербе: блогерлер сунуштаган кеңештер

24 Бештин айы 202516:03 Бишкек Govori.TV

Технологиялар бүгүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү берет. Бирок ким жана кантип колдонорү — башка суроо.

Дипфейк, боттор, троллдор — бул биздин күнүмдүк чындыгыбызга айланды.

Сүрөткө, видеого же үнгө толук ишене албайсың.

Ар күнү «сенсация» чыгат, алардын максаты сенден реакция алуу: ачуулантуу, ажырым жаратуу, алаксытуу.

Мындай маалымат таштандысы кимге пайда алып келет? Бул суроону өзүңө бер, эмоцияга алдырба…

Эмне кылуу керек?

Биринчиден — пауза жаса. Паникага алдырба, «шок-контентти» бөлүшүүгө шашылба!

Экинчиден — булакты дайыма текшер: ким биринчи жарыялады, ким бөлүштү, сага ким жиберди, алар бул видеону же сүрөттү кайдан алды?

Үчүнчүдөн — сүрөттөргө жана видеолорго ишенбе: алардын чыныгы экенин текшерүүчү көп курал бар.

Төртүнчүдөн — датаны салыштырып көр. Эски кабарды жаңы жана  сенсация катары кабыл алып алба!

Бешинчиден — башка булактарды изде: башка ЖМКлар эмне жазып жатат? Версиялар канчалык дал келерин салыштыр.

Медиасабаттуулук — бул көндүм. Оку, үйрөн, критикалык ойду өнүктүр.

Кеңеш: айына бир күн «тазалоо күнүн» уюштур,  лентаңды тазала, ар башка булактарга жазыл.

Маалыматты бирөөгө бөлүшүүдөн же жөнөтүүдөн мурун, өзүңдөн сура: эмне үчүн мен муну кылып жатам? Бирөөгө жардам беремби же жөн эле паника жаратамбы?

Эң негизгиси — өзүң чеч. Оюңду өзүң башкар, башкаларга сенин оюңду түзүүгө жол бербе.

Аңдап иш кыл!

Текшер! Ойлон!

Количество просмотров: 897