• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Фактчекинг: Сабыр Жапаровдун алтын кармап турган сүрөтүн текшеребиз

7 Аяк оона 2022 22:28 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 7-сентябрда, Инстаграмдагы  kg_novosti баракчасына президент Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаровдун чет өлкөлүк адамдын жанында алтын куймаларын кармап түшкөн сүрөтү жарыяланды. 

Акыркы убакта Кыргызстандын алтынын ким, кайда жана кандай баада сатып жатат деген суроонун тегерегинде көп божомолдор болууда. Буга байланыштуу президенттин басма сөз катчысынан бул сүрөт боюнча комментарий алсак кызык болмок.

Анда президенттин бир тууганы Сабыр Жапаровго окшош адам колундагы алтын куймалары менен сүрөткө түшкөн. Анын жанында түрк желеги тигилген жилет кийген адам турат. Алар азыр эле ийгиликтүү келишим түзгөн кейиптенишет. Суроо: Сабыр Жапаров эми Кыргызстандын алтынын чекене сатып жатабы? Же муну кандай түшүнсө болот?”, — деп жазылган билдирүүдө.

Фактчекинг: Сабыр Жапаровдун алтын кармап турган сүрөтүн текшеребиз

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбукта бул сүрөт 2016-2017-жылдары тартылганын айтып, азыркы иштерге тиешеси жок экенин билдирди. 

Соцтармактын колдонуучулары сүрөттөгү адамдардын беткапчан экенин айтып, 2016-2017-жылдары беткап тагынуу эрежеси болбогонун жазып чыгышты.

Султанбаев бир сааттан кийин сүрөттүн тартылган жылы боюнча туура эмес жазып алганын айтты. 

Урматтуу достор! Бул сүрөт эски, бул анык. Бирок жылдары боюнча туура эмес жазып алыптырмын. Сүрөттүн таржымалы боюнча кененирээк маалымат берилет”, — деп жазды ал.

Фактчекинг: Сабыр Жапаровдун алтын кармап турган сүрөтүн текшеребиз

“ПолитКлиника” медиасы бул сүрөт каякта, качан тартылганын ачык булактардан текшерип көрдү.

Соцтармактарда тарап жаткан сүрөттө, Сабыр Жапаров колуна эки алтын куймасын, анын оң тарабында турган беткапчан адам куймалар салынган кутуну кармап турат.

Алтын куймаларындагы логотип менен беткапчан адам кийип турган жилетке түшүрүлгөн логотип окшош экенин байкоого болот.

Фактчекинг: Сабыр Жапаровдун алтын кармап турган сүрөтүн текшеребиз

Бул логотип Түркиядагы металл иштетүүчү Ahlatcı Metal Rafineri ишканасынын логотибине окшош экенин көрүүгө болот. 

Фактчекинг: Сабыр Жапаровдун алтын кармап турган сүрөтүн текшеребиз
Ahlatcı Metal Rafineri ишканасынын логотиби

Ahlatcı Metal Rafineri ишканасы 2011-жылы Түркиянын чыгышындагы Чорум провинциясында Ахмет Ахлатжы аттуу адам тарабынан негизделген. Түркиядагы алтын аффинаждоочу үчүнчү ири ишкана. Жылына 470 тонна алтын, 626 тонна күмүш иштетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. 

Ишкананын расмий сайтында 0,5 граммдан 1 килограммга чейин ар кандай салмакта алтын куймаларын чыгарары көрсөтүлгөн. Алтын куймаларына компаниянын логотиби түшүрүлгөн. 

Фактчекинг: Сабыр Жапаровдун алтын кармап турган сүрөтүн текшеребиз
Фактчекинг: Сабыр Жапаровдун алтын кармап турган сүрөтүн текшеребиз

Гугл Картада бул ишкананын имаратынын ичинде жана сыртында тартылган сүрөт, видеолор бар. Андагы видеолордун бири алтын куюлчу бөлмөдө тартылган. Бул бөлмөнүн дубалы жана полу Сабыр Жапаров сүрөткө түшкөн бөлмөдөгүгө окшош экенин көрүүгө болот.

Фактчекинг: Сабыр Жапаровдун алтын кармап турган сүрөтүн текшеребиз

Ahlatcı Metal Rafineri’нин Фейсбуктагы баракчасына 2020-жылдын 11-мартында (пандемиядан мурун) жарыяланган видеодо дагы иш процесси жүрүп жаткан бөлмөлөр, Жапаров сүрөткө түшкөн бөлмөгө окшош экенин жана кызматкерлер кийип жүргөн униформага Жапаровдун жанындагы адамдын жилетиндеги желек жана логотип түшүрүлгөнүн көрүүгө болот. 

Ошондой эле бул видеодо кызматкерлердин бардыгы беткапсыз жүргөнүн байкаса болот.

Фактчекинг: Сабыр Жапаровдун алтын кармап турган сүрөтүн текшеребиз

2017-жылы ноябрда Гугл Картага жүктөлгөн сүрөттө дагы бир дагы

кызматкер беткап кийген эмес. 

Фактчекинг: Сабыр Жапаровдун алтын кармап турган сүрөтүн текшеребиз

Түркиянын башкаруучу партиясы AK Parti’нин Чорумдагы жетекчиси Юсуф Ахлатжы Твиттерде ушул жылдын 20-мартында Ahlatcı Metal Rafineri ишканасына барганын жазып, жумушчулар менен түшкөн сүрөтүн жарыялаган. Анда жумушчулардын бири жогоруда сөз болуп жаткан  жилетти жана беткап кийип турганын көрүүгө болот. 

Фактчекинг: Сабыр Жапаровдун алтын кармап турган сүрөтүн текшеребиз

Сабыр Жапаров тууралуу эмнелер белгилүү?

Фактчекинг: Сабыр Жапаровдун алтын кармап турган сүрөтүн текшеребиз

Сабыр Жапаров “Жыргалаң шахтасы” ААКсынын башкы директорунун орун басары болуп иштеген. Ал Садыр Жапаров камакта жатканда бир тууганын колдоп митингдерди өткөргөн, бул үчүн аны милиция кармап кеткен. Сабыр Жапаров 2020-жылы октябрь айында өткөн парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясынын тизмеси менен катышкан. Анда ал Камчыбек Ташиевден кийинки экинчи талапкер болгон.

Жыйынтык: Сабыр Жапаровдун алтын куймалары менен түшкөн сүрөтү Түркиянын алтын аффинаждоочу Ahlatcı Metal Rafineri ишканасында тартылган. Сүрөттөгү алтын куймалары аталган компанияда өндүрүлгөн.

Ишкананын кызматкерлеринин пандемиядан мурун тартылган видео жана сүрөттөрүндө беткап кийбей иштегенин көрүүгө болот.

Булак: ПолитКлиника.

Количество просмотров: 255