• Шейшемби 9 Кулжа 2026
  • Вторник 9 Июнь 2026

Фархат Иминов жаңы кызматка дайындалды

9 Кулжа 202611:05 Бишкек Govori.TV

Фархат Иминов Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, Иминов Фархат Ажмуханбетович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы болуп дайындалды.

Количество просмотров: 119