• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Дене тарбия жана спорт департаменти өзүнчө агенттик болуп өзгөрдү

11 Бирдин айы 202516:34 Бишкек Govori.TV

 Дене тарбия жана спорт департаменти эми Маданият министрлигине карабайт, ал өзүнчө Дене тарбия жана спорт агенттиги болуп өзгөрдү.

Тиешелүү жарлыкка президент кол койгонун анын маалымат кызматы кабарлады.

«Дене тарбия жана спорт чөйрөсүн өнүктүрүүнүн ролун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Дене тарбия жана спорт департаментинин базасында КР Министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигин түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган», — деп айтылат маалыматта.

Дене тарбия жана спорт боюнча өз алдынча мамлекеттик органды түзүү каралып жаткан тармакты натыйжалуу өнүктүрүү үчүн ыйгарым укуктарды жана ресурстарды топтоштурууга мүмкүндүк берет, программалардын улантуучулугун, спорттук инфратүзүмдү өнүктүрүүнү камсыз кылат, ошондой эле каралып жаткан чөйрөдө өлкөнүн кызыкчылыктарын эл аралык талаптагыдай көрсөтүүнү камсыз кылат.

Количество просмотров: 154