• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин мурдагы жетекчиси Данияр Акматов 5 жылга кесилди

8 Тогуздун айы 202411:44 Бишкек Govori.TV

Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттигинин мурдагы жетекчиси Данияр Акматов 5 жылга кесилди. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунунун 2024-жылдын 15-апрелиндеги өкүмү менен Данияр Акматов Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмышты жасаган деп айыпталып, күнөөлүү деп табылып, 5 жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратылган.
Акматовдун иши Бишкек шаардык сотунда да каралып, 2024-жылдын 22-августундагы өкүмү менен шаардык сот Биринчи май райондук сотунунун өкүмүн күчүндө калтырган.

Эске салсак, УКМК Данияр Акматов президенттин жардамчысынан 300 миң доллар талап кылууга шек саналып кармалганын билдирген. Атайын кызматтын маалыматына караганда, ал колундагы чагымчыл материалдарды маалымат каражаттарына берүү менен коркутуп, акча талап кылган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, 2023-жылдын 6-сентбярда сураган акчасынын бир бөлүгүн алып жаткан учурда колго түшкөн. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Данияр Акматов социалдык тармактын активдүү колдонуучуларынын бири болгон. Өкмөттүн ККМге байланыштуу чечимин сындап, электр энергиясын үнөмдөөдөн мурда майнинг компанияларды тыюу керек экенин жазган.

Акматов инвестиция илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору болуп 2020-жылы октябрда дайындалган. 2021-жылдын башында кызматтан кеткен.

Количество просмотров: 97