• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Федералдык кеңеш Путинге аскерлерди Донбасста колдонууга уруксат берди

23 Бирдин айы 2022 11:00 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Федералдык жыйынынын жогорку палатасы – Федералдык Кеңеш президент Владимир Путинге армияны өлкөнүн сыртында колдонууга уруксат берди. Президенттин өтүнүчү 22-февраль кечинде каралды.

Федералдык Кеңештин төрайымы Валентина Матвиенко Орусия Донбасска аскерлерин тынчтык орнотуу үчүн жөнөтөрүн айтты. Чечимди 153 депутат колдоду, документ кабыл алынары менен күчүнө кирди.

Президент Донбасстагы кырдаалды жөнгөрүү үчүн ал жакка аскерлерди жөнөтүүнү көздөп жатат.

Коргоо министринин орун басары Николай Панков сенаторлордун алдында сүйлөп жатып, “украин жетекчилиги зомбулуктун жана кан төгүүнүн жолуна түшүп алганын, “ЛЭР” жана “ДЭР” менен кесилишкен жерлерде Украина 60 миңдей аскерин жыйнаганын маалымдады.

21-февралда Путин Украинанын чыгышындагы жикчилдердин “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон. Бул чечимди Мамдума 22-февралда ратификациялап берди.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 116