Бүгүн, 15-августта Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындаган постторду жазган Мирланбек Маратбек уулунун Чүй облусундагы үйүн тинтүүгө алды. Бул тууралуу ал фейсбуктагы баракчасына түз эфирде көрсөттү.
Анда өздөрүн Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүлөрү деп тааныштырган адамдар текшерүүгө Каракол шаардык соту токтом чыгарып бергенин айтып, ал токтомду көрсөтүштү. Токтомдон “Мирланбек Маратбек уулу Фейсбукта Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик материалдарды жайылткан” деп шек саналып жатканы жазылганын көрүүгө болот.
Милиция бул иш тууралуу азырынча маалымат бере элек.